Азимбек Бекназаровдун айтымында, алтынчы чакырылыштагы парламенттин экс-депутат Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратууга укугу жок. 

 

"Атамбаевге бийликти узурпациялап алууда дал ушул 6-чакырылыштагы депутаттар жардам беришкен. Ошолор аны "улуттун атасы" деп аташып, ал турмак түндүк-түштүк альтернативалык жолго ысымын беребиз деп чыгышпады беле. Экс-президент кайсы партия парламентке келээрин алдын ала тактап, тизме түзгөн. Ошондуктан, мен бул парламент Атамбаевдин чимкириги дейт элем. Эми болсо Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратабыз деп жатышат. Бул адамдар дагы үч жылдан кийин Сооронбай Жээнбековго каршы чыга башташат", - деди экс-башпрокурор.