Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестик статусу президенттин ишмердүүлүгүн кепилдендирүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилгенден кийин пайда болгон. 

 

Бул тууралуу саясатчы Азимбек Бекназаров маалымат жыйынында билдирди. 

 

"2010-жылдагы Конституция боюнча Кыргызстандын президенти кол тийбестик макамынан ажыратылган. Бирок, аны кайра Конституциялык палата түздү. Андан кийин алтынчы чакырылыштын депутаттары бул норманы бекиткен мыйзамды колдоп беришти. А эми болсо ошол эле депутаттар Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратабыз деп жатышат.

 

Экс-президентти жоопко тартуудан эч нерсе өзгөрбөйт. Биз эки президентти кол тийбестиктен ажыраттык, жоопкерчиликке тарттык, бирок эч нерсе өзгөрбөдү. Система ошол бойдон калды", - деди Бекназаров.