Жогорку Кеңешке экс-президент Алмазбек Атамбаев чакырылды. Бүгүн, 17-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик статусунан ажыратуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны болот. Жыйынга экс-президент же анын өкүлү катышуусу керектигин белгилеген депутаттар, аларга чакырык беришкен.
Депутаттык комиссия 13-июнда түзүлүп, курамына төмөнкү депутаттар кирген:
- КСДП фракциясынан: Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев;
-«Республика-Ата журт» фракциясынан: Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов;
-«Кыргызстан» фракциясынан: Канат Исаев, Алмазбек Токторов;
-«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан: Алтынбек Жунус уулу;
-«Бир Бол» фракциясынан: Бактыбек Турусбеков;
-«Ата Мекен» фракциясынан: Каныбек Иманалиев мүчө болгон.
8-июнда Атамбаев "Форумдун" алдына митинг өткөрүп, депутаттарды "чимкирик" атап, сын айткан. Буга териккен эл өкүлдөрү парламент жыйынында экс-президенттин билдирүүлөрүнө жооп катары, аны экс-президенттик статустан ажыратуу демилгесин көтөрүп чыгышкан.