«Биз Уюмдун ишмердигинин актуалдуу маселелери жана эл аралык күн тартиби боюнча пикир алмаштык.
2018-жылы Циндао шаарында ШКУ Саммитинде жетишилген макулдашууларды практикалык ишке ашыруу боюнча жүргүзүлгөн жумуштарды жыйынтыктадык.
Учурдан пайдаланып, Башкы катчы Владимир Имамович Норовго жана бир жыл бою бүгүн кабыл алына турчу документтерди даярдоо боюнча тынымсыз иштегендердин бардыгына ыраазычылык билдирем.
Урматтуу кесиптештер!
Алмашып турган эл аралык абалдын шартында ШКУ дүйнөлүк коомчулукка эл аралык аракеттенишүүнүн жаңы форматын көрсөтүүдө.
Ар бир мамлекет өз добушуна ээ жана чечим биргелешип, консенсус менен кабыл алынат.
Биздин уюмдун ачыктыгы аны башкаларга жагымдуу кылууда.
Жылдан жылга ШКУнун ареалы кеңейип жатат.
Евразиядагы ири территорияны ээлеп, ШКУ Хартиясынын, Шанхай духунун принциптерин карманып, ШКУ келечекте көп полярдуу дүйнөнү курууга аянтча боло алат.
Биз биргеликте Евразиядагы макулдашылган, жооптуу жана маанилүү чечимдерди кабыл алуунун борборун түзүп жатабыз.
Циндаодогу саммиттен бери өткөн убакытты жыйынтыктап, биздин мындан аркы келечекке көз карашыбызды белгилөөгө уруксат этиңиздер.
Өтүп кеткен жыл ШКУнун негизги принциптеринин кыйышпастыгын көрсөттү.
Биз эл аралык уюмдун жаңы келбетин түзүп, өз ара түшүнүшүүнүн жана биримдиктин үлгүсүн көрсөтүп жатабыз.
Ал толугу менен БУУнун Уставында жана башка документтеринде бекитилген эл аралык укуктун жалпы таанылган максаттарына жана принциптерине толугу менен шайкеш келет.
Уюмдун ишмердүүлүгүнүн бардык багыттары боюнча активдүү иш жүргүзүлгөн.
Аймактагы коопсуздукту камсыздоо тармагында биз Аймактык Антитеррористтик Структуранын мындан аркы натыйжалуу ишин, 2017-жылдагы экстремизмге каршы аракеттенүү Конвенциясынын күчүнө киргенин белгилей алабыз.
ШКУнун күн тартиби менен БУУнун күн тартибинин жалпы окшоштуктары арбын. Бул коопсуздук маселелери, экономикалык өнүгүү маселелери жана адамдык чен-өлчөм маселелери", - деди президент.