Жогорку Кеңеште Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча түзүлгөн комиссия тездик менен иштей баштады. Депутат Евгения Строкованын айтымында, комиссиянын биринчи жыйыны бүгүн болот. 

 

"Комиссиянын курамына кимдер кирээрин фракциялар чечти. Иса Өмүркулов мага сунуштаганда, таң калдым. Ал болсо "сен калыс адамсың, киришиң керек", - деди.

 

Биринчи жыйында комиссиянын иши кандай багытта жүрөөрү аныкталат. Бирок, биз кимдир бирөөнү суракка чакырбайбыз, прокуратура эмеспиз да. Комиссия өз ишин аяктагандан кийин акыркы чечимди палата кабыл алат. Мен Форум тараптан атайын ойлонуштурулган провокация болду деп ойлойм. Бизди ушундай чара көрүүгө барууга аргасыз кылышты. Ооба, парламенттин курамы өтө элек көңүлдөгүдөй эмес, бирок адамдарды анчалык келеке кылбаш керек да", - деди депутат. 

 

Ошондой эле депутаттын пикиринде, депутаттар Атамбаевге болгон жеке таарынычын комиссиянын ишине кошпошу керек.