Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Бишкек шаарында өтө турган жыйынын чагылдыруу үчүн 500дөн ашуун чет элдик жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү аккредитацияланды.

 

Бүгүн, 14-июнда «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.

 

Мисалы, Индиянын, Казакстандын, Кытайдын, Пакистандын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Ооганстандын, Белоруссиянын, Ирандын, Монголиянын жана Япониянын  115 жалпыга маалымдоо каражаттарынан 443 чет элдик журналисттер иш-чараларды чагылдыруу үчүн аккредитациядан өтүштү.

 

Ошондой эле Кыргызстандын 32 жалпыга маалымдоо каражаттарынын 94 өкүлү аккредитациядан өтүштү.

 

ЖМК өкүлдөрү үчүн басма сөз борбору «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясынын “Энесай” конок Үйүндө жайгашкан.

 

Жыйындын жүрүшүн Коомдук телерадиокорпорациянын “Ала-Тоо 24” телеканалы түз эфирден көрсөтөт.

 

Түз эфирге аккредитациядан өткөн чет элдик жана жергиликтүү негизги телеканалдар кошулушат.

 

Эске салсак, ШКУга 8 мамлекет мүчө болуп эсептелет: Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан. 4 өлкө байкоочу макамына ээ, алар: Ооганстан, Белоруссия, Иран жана Монголия.

 

Бул күндөрү ШКУнун Саммитинен тышкары, эл аралык мүнөздөгү башка иш чаралар да өтөт – 12-июнда Бишкек шаарына Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулга Кыргызстанга расмий визит менен келди.

 

13-июнда Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик визити болду.

 

14-июнда Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модинин расмий визити болот.