Мурдагы Башкы прокурор Аида Салянова камакка алынгандан бери социалдык тармактарда ага жактоочу болуп, А. Саляновага каршы сүйлөгөндөргө «тийишкендер» көбөйдү. «Ата Журт» партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев да мурдагы Башкы прокурордун мыйзамсыз иш-аракеттерин айтып, мыйзам чегинде жоопкерчилиги каралышы керектигин жазып чыкса, Динар Турдугулова деген айым Фейсбуктагы баракчасына Камчыбек Ташиевге кайрылып, «…сиз АШАнын бийлигине ыраазы болуңуз, «бейбаштык» беренеси менен актады, болбосо, 10-15 жылга кесилип кетмексиз» дегендей оюн айтыптыр. «Эчки тууй албай жатып, койго арачы болуптур» дегендей, маселенин чоо-жайын билбей эле Текечилерге жактоочу болуп жаткан айымга жооп берип коюну туура көрдүм.
Динар айым, биринчиден, мурдагы Башкы прокурор Аида Салянова убагында Атамбаевдин көрсөтмөлөрү, Текенин шыкагы менен репрессия мүнөздөгү иштерди аткарган. Жогорку Кеңеш кабыл алган чечим үчүн спикер А. Келдибековду камакка алдырып соттоткон. Н. Түлеев келтирди деген зыяндар деле Бишкек ЖЭБин, Улуттук тарых музейин оңдоп, ремонттоодогу жаңжалдардын жанында шоона эшпейт. Убагында АША деле аны күйөөсүнүн мыйзамсыз иштерин коргоп туруп алгандыгы үчүн кызматынан бошотконун айткан. Анын күйөөсү эле эмес, бир туугандары кандай жаман иштерди жасагандыгы кийин билинди. Ошон үчүн аны кызматта турган убагында деле айрымдар «желдетка» дешчү. Андан азап, кайгы тартып сыздагандардын үндөрү кудайга жеткен экен, ал өз жазасын алууда. Тообо дейли. Аида Салянова Текебаевдин колдоосу менен Башкы прокурор болуп, анын жетегинде иш кылган, кызматсыз калганда «Ата Мекен» аркылуу депутат болгон.
Экинчиден, Камчыбек Ташиевдикиндей жоруктар кайсыл жерде болбосун «бейбаштык» катарында гана каралат. Чындап бийликти басып алгысы келгендер 2010-жылдын 7-апрелиндегилердей автоматтар, гранаттар, жардыргыч заттар, оор автоунаалар менен келишет. «Алиби» гезитинин ошол жылдагы 8-9-апрелде чыккан санын эле карасаңыз, анда төңкөрүшкө кандай куралдуу даярдыктар көрүлгөндүгү чагылдырылган. Демек, Камчыбек Ташиевдин жоругун атайын пландар менен алдын ала даярдык көрүп, ишке ашыргандарга, ал жөнүндө өздөрүнчө көп жолу талкуулашкандарга кошууга болбойт. Камчыкебиз жүрөгү ачык, куулук-шумдугу жок, эмоциялуу адам. Анын эмоциядагы айтылган кадамы, андан эч ким зыян тартпаган соң, оор кылмышка теңелбейт. Бирок ага карабастан А. Салянованын орун басары «мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга аракеттенген» деп 295-берене менен кылмыш ишин козгогон, бийлик аны С. Жапаров, Б. Асановго окшотуп оор берене менен камагысы келген, бирок чындыкка баш ийген К. Зулушев, М. Сатиев деген судьялар К. Ташиевди актап, сот залынан бошотушкан. Ошол үчүн сиздин АША менен А. Салянова К. Ташиевге ырайым кылган деген сыяктуу пикириңиз эч бир чындыкка ылайык келбейт. К. Ташиев боюнча адилет чечим кабыл алышкан эки судьянын кандай куугунтуктарга туш болгонун биздей эле сиз да жакшы билесиз.
Экс-президенттерден кол тийбестик алынып салган убакта аларга тийиштүү мурдагы кепилдиктер экс-прокурорлорго, экс-судьяларга, депутаттарга да таркатылышы керек деген – сандырактык. Башмыйзамдын 16-беренесинде «Мыйзам алдында КРнын бардык жарандары бирдей» деп ачык, так жазылып турат.
Нургазы Анаркулов, медиа эксперт