Иш-чарада Борбор Азия өлкөлөрү ортосунда бирдиктүү виза киргизүү маселеси каралды.

 

Өзбекстан менен Казакстан Евробиримдиктин Шенген визасы сыяктуу “Silk Visa” же “Жибек жолу визасын” быйыл февралда ишке киргизмек. Эки мамлекеттин башка өлкөлөргө карата визалык эрежелери түрдүү болгонуна байланыштуу планды жүзөгө ашыруу кечеңдеген.

 

Өзбекстандын мамлекеттик туризм комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Улугбек Касимходжаев тараптар “Жибек жолу визасын” ишке киргизүү үчүн жигердүү иштеп жатканын билдирген. “Убакыттын создугуп жатышынын негизги себеби – эки өлкөнүн визасыз режим боюнча жол-жоболору ар башка. Казакстанда визасыз режимге кирген өлкөлөрдүн өзүнчө, бизде өзүнчө тизмеси бар. Башкы максат бул өлкөлөрдүн эки тарапка тең ынгайлуу тизмесин түзүү керек”,- деген ал.

 

Буга чейин "Silk Visa" долбооруна Борбор Азиядагы дагы эки мамлекет - Тажикстан менен Кыргызстан келечекте кошулууга ниеттенип турганы кабарланган. Азербайжан менен Түркияны да жаңы программага тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн.

Азырынча эң жакын кошуна мамлекет менен виза режиминин киргизилиши кандай натыйжа берерин айтуу кыйын. Канткен менен учурда Кыргызстандын эмгек рыногунан тартып, базарларына чейин каптап кетип, ансыз деле оор абалдагы жумушсуздук көйгөйүн көбөйткөн ашыналардын саны азайып, тартипке салынарын божомолдосок болот.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити