Ошол сүйлөгөн сөздөрүндө мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун тууралуу: “Азыр Батукаев боюнча чайкоо болуп жатат. Чын эле кимдир-бирөө Атамбаев аны чыгарыш үчүн андан акча алган деп ойлоп жатабы? Атамбаев өзү бардыгына акча берген. Көрсөтмө алыш үчүн Атахановду, Салянованы, Рысалиевди отургузушту. [...] Турсунбек Акун баш болуп кимдир бирөө акча таап алды да”,- деген болчу Атамбаев. Мындай жалган жалаага жаны ачыган Т. Акун экс-президентти сотко берүүгө камынууда.

 

“Атамбаев Турсунбек Акун Батукаевдин бошотулушу үчүн акча алган деп айткан. Бул эмне шек келтирүү эмеспи? Мен өз ар-намысым менен абийиримди сот аркылуу коргойм. Азырынча доонун суммасы боюнча чече элекмин, бирок мен материалдык баюу максатын көздөгөн жокмун, башкысы ар-намыс”,- деди экс-акыйкатчы.

 

Акундун айтымында, анын юристтери доонун үстүнөн иштеп жатышат жана бир аптанын ичинде сотко кайрылышат. Өз кезегинде Акун да буга чейин кримтөбөлдүн бошотулушуна Атамбаевдин тиешеси бар деп айтып келген.

 

Айтор акыры “Батукаев иши” Атамбаевге барып такалып, ал камалышы да мүмкүн. Анткени ЖК депутаттары экс-президенттерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзамды кабыл алып, президент тарабынан кол коюлган.

Ал эми Т.Акун Батукаевден албаган 100 миң долларды (себеби ушунча акча алган деген эл арасында имиш бар) А.Атамбаевден алып, жашылбайга маарып эле калчудай болуп туру.

 

 

 

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити