Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 8-июнда, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзинпиндин кыргыз тилинде басылып чыккан “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” китебинин бет ачарына катышты.

 

"Дүйнөлүк саясий аренада зор кызыгууну жараткан бул китепти окурмандар жаңы кылымдын жаңы көз карашы катары кабыл алып, баалап жатышат.

 

Китептин негизги мазмунун -  учурда болуп көрбөгөндөй темп менен өнүгүп жаткан Кытайдын тарыхына таянып, анын келечеги жөнүндө автордун ой толгоосу түзөт.

 

Кытай мамлекетинин өнүгүү жолун көрсөткөн концептуалдык идеялар жазылган.

 

Кытай коомун бир максатка, келечекке умтулууга багыттаган, бардык улуттарды ынтымакка бириктирген  ынанымдуу аргументтер бар.

 

Си Цзиньпин мырзанын эмгеги кытай элинин ийгиликтеринин сырын, дүйнөлүк аренадагы кытай феноменин, өлкөнүн концептуалдык философиясын, өнүгүү  формуласын терең өздөштүрүүгө жол ачат. 

 

Кытай лидеринин бул фундаменталдуу чыгармасы, бир гана кытай мамлекетине тиешелүү маселелерди  көтөрүп тим болбостон, жалпы дүйнөлүк чакырыктарга жаңы көз карашты, жаңы мамилени чагылдырып  турат.

 

Бул эмгек глобалдык башкаруунун жалпы адамзаттык дөөлөттөргө, тынчтыкта жашоонун, бирге өнүгүүнүн   идеяларына негизделген философиясын камтыйт. 

 

Китепте автордун адамзаттын келечек жашоосун жакшыртууга багытталган гуманисттик көз карашы жана саясий концепциясы жазылган.

 

Улуу мамлекеттин лидеринин позициясын, анын дүйнөлүк экономикага, коопсуздукка, глобалдуу экологияга багытталган философиясын ушул китептен тапсак болот. 

 

Мен китептен дүйнөлүк өнүгүүгө болгон жаңы идеяларды, адамзаттын жашоосун жакшыртууга багытталган асыл ойлорду таптым. 

 

Биз үчүӊ өтө маанилүү жагдай – Си Цзиньпин мырза  чектеш мамлекеттерге, өзгөчө Орто Азиядагы коӊшу өлкөлөргө карата өзүнүн көз карашын жеткиликтүү билдирген", - деди президент.