“Митингдин максаты экс-президенттин саясий пландарын жарыялоо болду”, - деди саясий талдоочу Максат Мамытканов 8-июнда “Форумдун” алдында болгон митинг тууралуу пикирин билдирип жатып.

 

Айтымында, митингге көп адам чогултууга деле аракет жасалбаган. Алар жөн гана коомчулукту алдыда жасалчу иштер тууралуу кабардар кылууну ойлошкон.

 

“Бул өзгөчө эл аралык иш чара – ШКУ саммитинин алдында маанилүү. Атамбаев бул иш чара өлкө үчүн өтө олуттуу экенин билет, андыктан кырдаалды курчуткан жок. Бирок, аягына чыга элек иштери бардыгын кыйытты”, - дейт саясат талдоочу.

 

Ал эми өлкөдө саясий күч каражаттын өлчөмү менен ченеле турганын белгилеген ал Атамбаевдин өзүнүн айтканы чын болсо, анда ал абдан бай адам, андыктан аны эсептен чыгарууга шашылбоо керектигин билдирди.