8-июнда Бишкекте «Форумдун» алдында митинг болду. Митинг коррупция каршы деп аталганы менен анда адаттагыдай экс-президент Атамбаевдин азыркы бийликке болгон таарыныч-ызасы гана төгүлдү.
Экс-президент өзүнүн тушунда парламент азыркыдай “чимкирик” эмес, бир топ натыйжалуу болгонун белгиледи. Ошондой эле, өзүнүн алты жылдык бийлиги учурунда азыркы президенттин бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков төрт жарым жыл бийликтеги экинчи жүз болгонун эске салды.
Андан ары экс-президенттин төмөнкүдөй “арманы” айтылды:
Батукаев боюнча. “Баарын кылган Сооронбай башында турган “шайка-лейка”
“Азыр Батукаев боюнча актанмайлар башталды. Ошол адамды эркиндикке чыгаруу үчүн Атамбаев акча алды деп ойлогондор да барбы? Атамбаев өзү баарына акча берген. Сооронбай Жээнбеков акча алууга аралашкан. Атахановду, Салянованы, Рысалиевди кармашты. Батукаеевди үч айдын ичинде өлүп калат экен деп мен да ишенгем. Мен Атамбаев, президент Батукаевге мен сени чыгарам, акча бер деп айтмак белем? Аны Сооронюбай айтат! Эптеп Атамбаев Батукаевден акча алган деп көрсөтмө алуу үчүн үч жашар баласы бар Салянованы камап атат. Өзүм билемдиги токтобосо Сооронбайды кетиребиз. Кыргызстандан мынча акча чыгарылыптыр, ошол акча менен кошо жоголгула деп чыгабыз. Салянова акыркы бир нече жылдан бери мени сындап келатат, бирок мен анын бул ишке такыр катыштыгы жоктугуна ишенем. Анын үй-бүлөсүн күйөөсү иштеп камсыздаганын билем. Мен Сооронбайга жана анын табакташтарына минтип айтам: эл кой эмес. Эгер бул токтотулбаса кийинкиде биз Сооронбай башында турган “шайка-лейканын” отставкасын талап кылабыз”, - деди Атамбаев.
Исаков жана Кулматов боюнча. “Мен булардын мынчалык айбан экенин билбегем”
“Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун камалганына бир жыл, эки күн болду. Мага 5-июнда келишип айтышты, “Алмаз байке, бизди бүгүн камаганы жатат”, - деп, мен сурадым: “Эмне, күнөөңөр барбы?” – деп. “Жок күнөөбүз”,- дешет. Анда эмнеге камашат эле дегем. Мен булардын мынчалык айбан экенин билбептирмин. 24 жыл жаныңда жүргөн адамдын ниети ыплас экенин билбептирмин. Бирок, мен өз катачылыгымды өзүм оңдойм. Күнөөсүз адамдар түрмөдө отургуча мен жанымды берем! Раим миллионду иштеп алып, бажыны Матраимовский уурулардан тазалап баштагам. Эмнеге Сооронбай мынчалык Раимден коркуп жатат? Анткени, анын көп ишин билет да. Буларды да Илмияновго окшотуп камашы керек. Икрамды эмнеге камады? Черный касса, 24 миллион доллар. Штабка келген. Анан жеп койгон деп жөн эле камап салды. Бир жылга жакындап калды бир да тергөө эксперимент жүрө элек, жөн эле отурат. Бул колхоздун башкармасы койдой эле талдап, муну сойгула семиз экен дегендей, булар каматып жатат. Биз кой белек?”
Раим-миллион боюнча. “Кыргызстан колхоз, кыргызды кой деп ойлоп жатасыңарбы?!”
“Раимди колдочу, чай иччү деп жазып жатышат, мен аны менен бир гана жолу 2010-жылы жолуккам. Мүмкүн ошол жерде анын апасы да жүрүп чай бергендир. Кантип эле Атамбаев бул жоруктун баарын билген жок дешет. Мен аны кайдан билейин? Мен УКМКга ишенчүмүн. Жумасына үч жолу маалымат берчү. Бир да маалыматта Иркештам, Ош бажысы боюнча Матраимов боюнча бир да сөз жок. 2013-2016-жылга чейин УКМКнын Ош башкармалыгын Асылбек Кожобеков, андан кийин Идрис Кадыркулов башкарган. Сооронбай президент болгондщон кийин Идристи УКМКнын төрагасы, Асылбекти орун басар кылып атпайбы, Раим экөөбүздүн жашыруун иштерибизди сактап бердиңер деп. Улуттук коопсуздук комитети азыр Улуттук коркунуч комитети болуп баратат. Саясий куугунтук менен иштегендерди ал жактан алып чыкпасак, азыр Сооронбайдын элди бөлүп-жарганына, чындыктын оозун жапканга жардам берип жатат. Кыргызстанды колхоз, кыргызды кой деп ойлоп атасыңарбы? Эмнеге мени жанталашып, же өлтүрө албай, же камай албай атасыңар? Жаман ойлорунда Атамбаевди жок кылсак калгандары койдой болуп туруп берет деп жатышат да. Ошон үчүн ар кандай ушактарды чыгарып жатышат.
Сооронбай шайлоого 24 миллион доллар акчаны накталай алып келди. Мен таң калып эле калдым. Ал менин досум болгондуктан мага чындыкты айтышпаптыр. Ал акчаны көрсө Раим- миллион берген экен. Жалпысынан ал шайлоо алдындагы кампанияга болбоду дегенде 30 миллион доллар- эки миллиард сом берген. Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовду Раим-миллиондун айынан отургузушту.
Сооронбай зоотехник жана колхоздун төрагасы болгон. 2010-жылдан тартып ири бажы жайгашкан облустун губернатору болду. Ал спикердин байкеси, президенттин жакын досу болчу. Анан алар кантип кадрлар ишине таасир этишпей койсун? Мен аны таза адам деп ишенип, президенттик аппаратка, премьер-министрликке, андан кийин президенттикке сунуштадым. Болгон жаман нерселердин баары алардын көрсөтмөсү менен жүргөн.