- Кеңешбек мырза, “КТ мобайл” чырына байланыштуу премьер-министрдин отставкасын талап кылгандар четтен чыга баштады. Коомчулук иренжий баштаган премьер-министрди президент дагы канчага чейин калкалашы мүмкүн?
- Мен аны “президент калкалап жатат”- деген ойдон алысмын. Анткени, президент өкмөттү алмаштыра бербей, узак убакытка иштешине мүмкүнчүлүк бериш керек деген ой менен иш кылууда. Президенттин оюу, койгон талаптары туура болгону менен өкмөт аны аткара албай жатат. Ошондой эле президенттин сөзүнө каршы иш кылды. Ажо “тууганчылыкка жол бербейли, адилеттикти орнотолу”- десе, премьер-министр туугандарын биринин артынан бирин кызматка коюп алганы, кадр саясатында калпыстыктарга жол бергени ачыкка чыгып калды. Эми президент да чечкиндүү кадамга барышы керек. Өкмөт башчы дагы абалды сын көз караш менен карап, туура тыянак чыгарышы керек.
- Эгер президент Абылгазиевдин катачылыктарына реакция кылбаса, коомчулук да көз жумушу керекпи же иштен четтөөсүн талап кылышы керекпи?
- Бул өкмөттүн иштеп жатканына бир жылдан ашты. Элдин үмүтүн актамак турсун акыркы кадамдары менен өчүрө баштады. Эмнегедир кетенчиктеп, чечкиндүү кадамдарды жасай алган жок. Ошондуктан, эч нерсени эптей албаса деле убакытты созуп отура бербей, отставкага кетиши керек. Ошондой эле өкмөт башчылык кызматка кошоматтан алыс, өз алдынча иштей алган, жоопкерчиликти сезген, ошол тармактын жүгүн тартып кете турган адамды коюш керек. Эт менен челдин ортосунда жүргөн, өз көлөкөсүнөн корккон, бирдеме болсо эле команда күтүп, элеңдеп эки жагын караган адамдардан арылышыбыз керек. Антпесе, кошоматчы, каяша кайрыбаган, колунан иш келбеген адамдарга ишеним артуунун аягы эмне менен бүтөөрү баарыбызга маалым. Мындан аркы иштер алдыга жылсын десек, бул өкмөттү токтосуз кетириш керек.
- Өкмөттү президент кетириши керекпи же парламентпи?
- Ар бир адамдын адамдык абийири, ар-намысы, эл алдындагы жоопкерчилиги болот. Өкмөт - аткаруу бийлигинин бир бутагы. Ошондуктан, аны президент же парламент кетириши керек эмес. Өз жоопкерчилигин сезип, жүктү тартып кете албаганын мойнуна алып, колунан эч нерсе келбегенин түшүнүп, өзү эле кетиши керек. Эгерде өкмөт өз жоопкерчилигин сезбей, “эмне болсо да кызматымда калайын”- деп жанталашса, анда жоопкерчиликтин баары парламент менен президентке жүктөлөт.
- Бирок, премьер-министр да кызматтан кетпештин айласын кылып, бажасын, анын баласын жана аппарат башчыларын кызматтан алды го?
- Андай кызматтан алуулар менен элди бир жума же эки жума алаксытаар. Бирок, антип убакытты чойгон менен маселе чечилбейт да. Пружинаны деле чоё берсе, чоюлуп бүткөн чегине жеткенде колдон чыгып, баарын талкалап кетет го. Премьер-министр да ошондой абалга жеткирбей өзү кызматтан кетүү чечимин кабыл алышы керек.
- Алты жылдан кийин жанданган Батукаевдин иши чындап эле адилеттикти көздөп жатабы же тымызын ушул окуяны колдонуп эски бийликтен өч алууга аракет кылып жатышабы?
- 6 жыл мурунку эле ызы-чууда элдин баары Батукаев кимдин тапшырмасы менен бошогонун, эмне максатта жасалганын билген. Бирок, ошондо эмнегедир бул окуяны күчкө салып, жаап-жашырып коюшкан. “Кыңыр иш кырк жылда билинет”- демекчи, Батукаевдин иши кырк жылга жетпей эле алты жылда кимдер аркылуу ишке ашканы билине баштады. Башкача айтканда, 6 жыл мурун көрүлө турган чаралар азыр көрүлүп, анда жаза алчулар азыр алып жатышат. Ошол кезде дүйнөгө дүңгүрөгөн кылмышкер шаан-шөкөт менен узатылып, эч ким жоопкерчиликке тартылбай калган. Мен 6 жыл мурунку иштин жанданганынан саясат деле издебейм. Мыйзам ченемдүү нерсе катары эле кабылдайм.
- Эми бул иш боюнча Шамил Атаханов, ошол кездеги Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаевадан башка дагы кимдер камалышы, суракка чакырылышы мүмкүн?
- Турсунбек Акунга комментарий бердирткен мурунку УКМКнын башчысы Бусурманкул Табалдиев эле эмес, Данияр Нарымбаев, Зарылбек Рысалиев жана аны чыгарууга шарт түзгөндөрдүн баары суракка чакырылат деп ойлойм. Кимиси камалаарын, кимиси жөн эле сурак берээрин тергөө, анан сот аныктайт.
- Батукаевдин ишинде болгон дооматтын барын дарыгерлерге коюп, камоону дарыгерлерден баштаганы туура эле болдубу?
- Туура эле болду. Анткени, ал иштин баары дарыгерлердин корутундусу аркылуу ишке ашкан да. Ал корутундуну ким даярдады, кандайча ошондой оор диагноз коюлуп калганы, ким тапшырма бергени ачыкка чыгыш үчүн дарыгерлердин камакка алынганы туура эле болду.
Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. Kg” гезити