Маалыматка ылайык, экс-президенттер тууралуу мыйзам күчүнө киргенине байланыштуу Атамбаев төрагалыктан жана партиянын курамынан убактылуу кетти. Бул мыйзам боюнча, экс-президенттерге саясий иштер менен алектенүүгө, саясий партияларды жетектөөгө тыюу салынган. КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү Атамбаевдин ордуна партиянын төрагасынын орун басары Асел Кодуранованы шайлашты. Эске сала кетсек Президент Сооронбай Жээнбеков “Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Атамбаев былтыр март айында КСДПнын төрагасы болуп шайланган болчу.

 

 

 

Булак: «Факты.kg»