Президент ШКУнун медафорумунда ШКУ өлкөлөрүнөн келген ММК жана байкоочу-мамлекеттердин өкүлдөрү менен учурашты.

 

Ал медиа дүйнөнүн тарыхынын чагылышы экенин белгиледи.

 

“Мен андан көбүрөөк нерсени айтат элем, эл дүйнөнү сиздердин көзүңүздөр менен көрөт. Сиздердин позиция, жоопкерчилигиңиздерден өлкөнүн ички атмосферасы да, мамлекеттер аралык мамиле да көз каранды”, - деди ал.

 

 Мамлекет башчы белгилегендей, ШКУнун башкы милдеттеринин бири – бул өлкөлөр жана улуттар арасындагы ишенимдин жана урмат-сыйдын атмосферасын түзүү. А бул жерде массалык маалымат каражаттары олуттуу роль ойнойт.

 

 “Кыргызстан ачык коомчулук, андыктан ММКлар үчүн жашыруун сырыбыз жок”, - деген президент ШКУ мамлекеттери үчүн жаңы маалыматтык багытты түзүү так ошол ММКлардын колунда турганын белгиледи.