КР Мамлекеттик технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев өз арызы менен кызматтан кетүүнү чечти. Анын арызынын негизинде кызматтан бошотуу тастыктамасын премьер-министр президентке жолдоду.

 

Бакыт Шаршембиевди коомчулук премьер Абылгазиевдин чуулгандуу бажа, Ак үйдүн “серый кардиналы” Иманкадыр Рысалиевдин кадры катары билет. “КТ Мобайл” компаниясынын тегерегинде чыккан чатактан кийин И.Рысалиев менен катар Б.Шаршембиевдин дагы коррупциялык схемага катыштыгы бар экендиги айтылган.