Элдин бийликке болгон ишеними жоголгондон жоголуп баратат. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кадр саясатындагы алешемдикке жана акчалуу мамлекеттик мекемелердин жетекчилигине туугандарын алып келгенге ачык эле айыпташты. Көчөдө эмес, парламенттин ичинде айтылган мындай олуттуу айыптоолордон кийин өкмөт башчы кырдаал териштирилгенге чейин ыйгарым укуктарын убактылуу токтотуп турушу керек болчу.
Бирок, премьердин андай кылууга ниети да жоктугун билинип турат. Абылгазиев мындай чечими менен кааласа, каалабаса да коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, бийликке болгон ишенимсиздикти курчутуп жатат. Аткаруу бийлигинин башчыларынын кылык-жоругу президент Жээнбековдун үй-бүлөлүк башкаруу жана коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүсүн олуттуу кабыл алышпаганын бир нече ирет далилдегендей болду. Премьер-министр өзү тууралуу айтылган айыптоолор менен өлкө башчысын ыңгайсыз абалга кептеди.
“Кыргызтелекомдун” туундусу “КТ Мобайл” мамлекеттик компаниясынын ишмердүүлүгү тууралуу парламенттин жыйынында маалымат айтылгандан кийин ызы-чуу башталды. Депутаттар тастыктагандай, 2003-жылы түзүлгөн уюлдук байланыш кызматын көрсөтүүчү бул фирма бүгүнкү күнгө чейин ишке кирише элек, бирок кызматкерлердин чоң штатын, аларга бюджеттен төлөнчү ири суммадагы айлык акыларды, бонустарды камтыйт.
“Кыргызтелеком” жана “КТ Мобайлдын” өкүлдөрү алып жаткан айлык акылардын тизмесин көргөнүмдө ыйык Орозо айы экенине карабай унчукпай кое албадым. Эгер ыйык ай экен деп унчукпай отура берчү болсок чак түштө 345 миллион сомду уурдап жаткандар бизди да уурдап кетишет”, – деди Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков.
Депутат Жанар Акаев “КТ Мобайлдын” артында ким тураарын териштиришибиз керек. Анын артында өкмөт башчысынын бажалары, жакын туугандары турат деген маалымат бар”, – деди. Жыйынтыгында, айрым депутаттардын каршылыгына карабай, мамлекеттик компаниянын фейк ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссия түзүлдү.
Абылгазиев танган жок, аталган туунду компаниянын жетекчилигинин катарында анын тууганы Иманкадыр Рысалиевдин уулу бардыгын моюнуна алды. Бирок, премьер тууганынын уулу бул кызматка дайындалганынан кабары болбогонун белгиледи. Акырында, ызы-чуудан улам Иманкадыр уулу Эрназар “КТ Мобайлдын” жетекчисинин орун басарлыгынан кетти. Анын артынан компаниянын бардык жетекчилери да кызмат ордуларын бошотушту.
Эми депутаттарды ушундай жыйынтык толук кандуу канааттандырабы деген суроо турат. Ызы-чууну жабыш үчүн жетекчиликти кызматтан кетирүү эле жетиштүүбү? Же “КТ Мобайлдын” ишмердүүлүгү боюнча тыкыр иликтөө жүрүп, мамлекетке келтирилген зыяндарды калыбына келтирүү маселеси көтөрүлөбү? Иштебеген компания 15 жыл бою бюджеттен миллиондогон каражаттарды айлык акы эсебинде алышып, ал турмак карызга да батышкан эмеспи. Дагы бир ирет белгилеп коелу, туундуу компаниянын кызматтан кеткен топ-менеджеринин атасы Иманкадыр Рысалиев “Ачык өкмөт” эл аралык уюмунун катчылыгынын башчысы. Кызыктуу долбоор бекен? Балким, Абылгазиев тууганынан профессионалдуу чеберчилик боюнча пайдалуу нерселерди ала алат. Ага Рысалиев кандай каалганы болбосун оңой ача алаарын, таасирдүү саясатчылар менен жакшы мамиледе экенин ар дайым баса белгилөөнү унутпай турганын да кошуп коелу.
Бул парадокс, бирок өкмөт мындан эч кандай коркунучтуу нерсени көргөн жок, ал турмак долбоорду жүзөгө ашырып, “КТ Мобайл” уюлдук компаниясын ишке киргизүүгө даярдыгын кайталап билдиришти. Анда кыязы, башка улуттук оператор “Мегакомдун” жабдыктарын колдонушат окшойт. Өкмөт алешемдиги ачыкка чыгып кеткендиктен ызы-чууну токтотуш үчүн кандай ыкманы болбосун колдонууга жаналекет кылып баштаганы түшүнүктүү. Аткаминерлер шашкалактаган сайын жаңылыштыкты көп кетиришет. Бизге дагы бир “Мегакомдун” эмне кереги бар?
Андан тышкары жаңы түзүлгөн депутаттын комиссия бул окуяда маалыматтык технологиялар Мамлекеттик комитети кандай роль ойногонун текшерүүсү керек. Бул мекеменин учурдагы жетекчилиги Бакыт Шаршембиев буга дейре “Кыргызтелеком” директорлор кеңешинин төрагасы болгон, ошондуктан “КТ Мобайлдын” тегерегинде эмнелер болуп жатканын билбей коюшу мүмкүн эмес. Эксперттер эгер бул иш менен укук коргоо кызматтары алектенсе, өтө көп жашыруун фактылар калкып чыгаарын, анын негизинде өкмөт башчы отставкага кетүүгө аргасыз болоорун, бир гана Абылгазиев эмес, көптөгөн аткаминерлер креслосу менен коштошоорун белгилешүүдө. Анан калса жоопкерчилик бир гана отставка менен чектелбеши да мүмкүн, анткени тергөө терип чыгарган фактылар кылмыш жоопкерчилигине да өбөлгө болоору анык.