Экс-президент жана КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев Въетнамдын Коммунисттик партиясынын Кыргызстанга иш сапары менен келген өкүлдөрү менен жолугушту.
Делегацияны жетектеп келген Нгуен Туан Фонг эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну жандандыруу тууралуу кеп сүйлөдү. Ал СССР тарагандан кийин Кыргызстан менен Въетнамдын ортосунда байланыш үзүлүп калганын белгилеп, эми мындан ары партиялык, өкмөттүк байланыштарды күчөтүү керектигин белгиледи.
Ошондой эле Атамбаевди партиялык байланыштарды күчөтүү максатында Въетнамга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.