“Буга биз кескин түрдө “жок” дешибиз керек! Советтик мамлекеттен калган урандын калдыктарынан азыркы чейин канчалаган элибиз зыян тартып келе жатат. Бүгүн бийлик аталган кенди иштетүүгө берген лицензиясын тез арада жокко чыгарып, чалгындоо иштерин токтотуусу тийиш. Элин ойлобогон бу кандай бийлик, ия? Кыргыз элинин генефондуна, калктын саламаттыгына терс таасир тийет. Абылгазиевдин өкмөтүн кечээ депутаттар айга теңеп мактап койсо эле, “эми бизге баары боло берет!”- дегенге өтүштүбү? Өткөндөн өкмөт сабак албайт экен. Азыр келечегин ойлоп каршы чыккан тоңдуктарга “тоскоол кылсаңар көрөсүңөр...”- таризинде эскертүү жасашууда. Буга чейин Ала-Букада, Кадамжайда минтип каршы чыккан элди токмоктоп, кордошту эле. Эми кезек ушул карапайым көлдүктөргө жеткен турбайбы! Абылгазиев эсине келсин, от менен ойнобосун... Элдин саламаттыгы жана тынчтыгы кымбат!”- деди кырдаал тууралуу Камчыбек Ташиев.