Экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДП колунда калаарына күмөн боло баштадыбы, же алдын ала даярдык көрүп, "кошумча аэродром" түптөп коюуну туура деп чечтиби, айтор жаңы партия түзө баштаптыр. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, жаңы партия "Улуу улут" деп аталат жана түптөөчүлөрдүн бири легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов болмокчу.
Эске салсак, 1995-жылы түптөлгөн КСДП партиясынын лидери катары жакында Юстиция министрлиги Сагынбек Абдырахмановду каттоого алды. Партиянын электрондук базасындагы маалыматтар өзгөртүлдү. Бүгүн Атамбаев башында турган ксдпчылар министрликтин мындай кадамына нааразы болушуп митингге чыгышты.