КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Юстиция министрлиги тарабынан партиянын лидери катары Сагынбек Абдырахманов каттоого алынганына жооп кайтарды.
"Министрлик бийликтин буйругун аткарып жатат", - деген ал акыр аягына чейин күрөшө тургандыктарын жашырган жок.
"Партияны карматып коюп, жөн отуруп калбайбыз. Акыр аягына чейин күрөшөбүз. Эч убакта партияны бербейбиз. 2020-жылы болчу парламенттик шайлоого КСДП менен барабыз", - деди расмий өкүл.