- Бозгундагы саясатчы Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга келем деп, келбей калганынан ким утту да, ким утулду?

 

- Бабановдун келбей калганынан мамлекет утту, Кыргыз Республикасы утту. Анткени эгер ал келсе аны колдонуп, жанагындай реваншисттик күчтөр чыгып калышы мүмкүн болчу. Түйшүк болуп калмак. Бабанов келбей коюп, бул жолу туура кадам жасады. Элди ойлоду, келечекти ойлоду. Бабанов келем дегенде “ва-банк” дегендей болду, “же барып жеңем, же жеңилем” деп. Анан “жеңилем” дегени көп болуп кетсе керек, анын тегерегиндеги адамдардын жеңүүгө көздөрү жетпей калып, токтотуп коюшту…

 

- Реваншисттик, бийликтен четтеп калган күчтөр азыркы бийликке каршы биригип кетиши мүмкүнбү?

 

- Биригиши мүмкүн, бирок булар жеңишке жетпейт. Себеби азыркы бийликти кетирүүгө негиз жок. Биринчи президентти кетирүүгө толук негиз болгон – Конституция негиз болгон. Ал эми экинчи президентти кетирүүгө негиз – мамлекеттин тагдыры турган. Үчүнчү президент конституциялык мөөнөт бүткөндө 6 жыл иштеп, өзү кетип калгандыктан аны кетирүүгө негиз болгон эмес. Бирок ал кеткенден кийин анда жанагындай реваншисттик ойлор пайда болуп жатпайбы. Реваншист деген – бул бийликтен ажырап калганда же бийликке жетпей калганда ошол бийликке жетүү үчүн кайра эки же үчүнчү жолу аракет жасоо да. Бирок саясат бул спорт эмес. Экинчи же үчүнчү “попытка” болбойт саясатта. Бир жолу жаңылдыңбы, бир жолу жыдыдыңбы, болду, бүттү. Өз убагында, өзүңдүн саатыңды, мөөнөтүңдү жоготуп, сен уттуруп койдуң. Бабанов ушундай болгон, бирок андай жогорку деңгээлге жеткен эмес. Текебаев болгон, 2010-жылы Текебаевдин президент болуп шайланууга ошондо шансы болгон. Башкалар да болгон, анын ичинде генералдар да бар болчу. Бирок алар шанстарын өткөрүп жиберишти. Азыр булардын аракети мындай да, революциянын теориясында “сапарлаш” деген түшүнүк бар. Ким болсо да, желмогуз болсо да мага пайдасы тийсе мен аны сапарлаш кылам деген. Аны менен чоогу барам, анан кийин жеңишке жеткенден кийин аны жанчыймбы, эмне кылам, өзүм билем. Ал башка маселе, азыркы маселе ошонун күчүн колдонуп калыш керек. Реванштын ушундай ыкмасы бар. Ошол ыкмага салып жатышат булар, бирок, дагы бир жолу кайталап айтам, мындан эч нерсе чыкпайт.

 

- Реваншисттер: Атамбаев, Текебаев жана башкалар биригип кетишип, дагы мамлекеттик төңкөрүш жасай алабы? Анткени булар саясый, тынч жол менен эч качан бийликке келишкен эмес, дайыма мамлекеттик төңкөрүш жолу менен гана бийликке жетип жүрүшкөндөр…

 

- Мындай төңкөрүш жасоо эми булардын колунан келбейт. Бул Наполеондун колунан да келген эмес. Наполеон да ушундай кылган. 1815-жылы Наполеон Елена аралынан кайтып келип бийликти алам дегенде эмне болду эле? Таптакыр, түбү менен талкаланган, бул да ошондой болот. Бул да ошондой болуп, түбү менен талкаланат. Себеби азыр алар Конституцияга каршы, тарыхка каршы, тагдырга каршы, деги кыргызга, бүтүн Кыргызстанга каршы чыгып жатат, ушул жасап жаткан аракеттери менен. Себеби 6 жыл иштедиң, болду, тынч олтур да! “Көтүңдү кысып, тынч олтур!” деп ачык эле айтыш керек, кыргызча айтканда! Кыргызча айтканда ушундай болот: Көтүңдү кысып, тынч олтур! Ал тынч олтурбай жатат. Демек бир нерсени көргөнү турат, өзүнүн көчүгүнө бир балээни үйгөнү турат.

 

 

 

Булак: kyrgyztoday.kg, Булак: “Майдан. kg” гезити