Каалайбызбы, жокпу экс-президент А.Атамбаевдин 6 жылдык президенттик ишмердигине укуктук жана саясий баа берүү зарылдыгы бар. Өлкөдө коррупцияны гүлдөтүп, кландык бийликти түзгөнү аз келгенсип, кыргыз элин мазактап, шылдыңдаган учурлары болду.
Сыягы, экс-президенттин ишмердиги өзүнүн калыс баасын алат окшоп калды. Дегенибиз, 9-апрелде Элдик Жыйындын Курултайы өтүп, анда Алмаз Атамбаевдин президент болгон алты жылдын ичинде адам укугун жана эркиндигин тебелеп, жарандардын үстүнөн саясий куугунтук уюштуруп, өлкөнүн мыйзамдарын жана Конституциясын бузуп, адамдардын аброюна, ар-намысына шек келтиргендигин, өлкөнүн экономикасына тийгизген оор таасирлерин териштирүү максатында коомдук комиссия түзүү чечими кабыл алынды. Аталган комиссия ишин ачык жүргүзүп, маалымат каражаттарына, коомчулукка маал-маалы менен маалымат берип турмакчы. Комиссия өз ишин калыс, дыкат жүргүзөрүнө ишеним чоң. Анткени, комиссиянын курамындагылар андай ишенимди пайда кылбай койбойт. Атап айта турган болсок, Мадаминов Таалайбек, Сооронкулова Клара, Сатаров Токон, Дүйшеев Кубан, Калаков Мамашарип, Акеров Табылды, Канат Азиз, Бабаназаров Улан, Акун Турсунбек.
Башкасын айтпаганда да, Клара Сооронкулова, Канат Азиз укук коргоо, сот системасы жаатында дайыма калыс пикирлерин айтып келишет. Клара айым чындыкты билдиргени үчүн Конституциялык палатанын судьялыгынан күтүүсүздөн бошотулганын билебиз. Ал эми Табылды Акеров өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча калыс көз караштарын айтып келгендердин бири. Демек, комиссиянын иши калыс жүргүзүлсө, анын жыйынтыгы менен Атамбаевдин президенттик ишмердигине акыйкат баа берилет деп күтө туралы.