Бүгүн да ызы-чуусуз жүрө албаган Турсунбек Акун басма сөз жыйын өткөздү. Эми бул адамды эч ким деле жарылып уккусу келбейт экен, жыйында эки-үч эле адам олтурду. Сайпана болуп көрүнгөн жерге куйругун кыпчый берген адамды эле ким жактырсын анан...

 

Буга чейин ал “Бабанов менен Ташиев биринип революция кылганы жатат”- деп дөөдүрөгөн. Бүгүн болсо эртең Кыргызстанга учуп келери белгилүү болгон Өмүрбек Бабановду үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча жоопко тартууну талап кылды. Акыркы кезде бийликтин адвокатынын ролун аткарып жаткан Т.Акун: “Бабанов өлкөдө кырдаал курчуп баратканын көрүп келгени жатат. Ал ушундай ыңгайлуу учурду күтүп жүргөн. 10 миң адам аянттан, 4 миң адам аэропорттон тосуп алат экен. Анан ал кандайдыр бир талаптарды коюп, элди көтөргөнү жатат. Элди көтөргөн боолбойт. Биз болгону эле качкын адамдай мамиле жасашыбыз керек”- деп катуу опурулду.

 

Камчыбек Ташиевдин: “президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевден саясий тирешүүнү жана массалык маалымат каражаттары аркылуу элдин бүйүрүн кызыткан саясий кайым айтышуусун токтотууга чакырам”- деген сөзүнө дагы асылды. “Ташиев бир жыл мурун Бабановду саткын деп жүргөн, эми башкача ырдап калыптыр... Анан ал экс менен азыркы президентти бириктирүүнүн аракетин жасап жүрөт. Туура эмес, алар эми бирикпейт”- дейт Акун.

 

Башкасы бүтүп эми ушул Турсунбек Акун деген сайпана чечип калыптырды Кыргызстандын келечегин? Ак үйдөн таттуу конфет берип койсо эле ушинтип былжырай береби? Чынын айтканда анын буга таптакыр укугу жок. Керек болсо далай кыргыз балдардын кулактарын кесип сайрандаган чечен ууру Азиз Батукаевдин чыгышына жакындан салым кошуп, ортодон бир чемодан акча алганы айтылып жүрөт. Бул кылыгы үчүн минтип элге акыл үйрөткөндүн ордуна түрмөдө олтурушу керек эле.

 

Башканы кой, өз атасын алдаган аферист экенин баары билет го! Атасынын малдарын саттырып, “тиш салдырып берем, кулак укчу аппарат сатып берем”- деп алдап, акчасын чөнтөгүнө салып кеткенин ким билбейт?!

 

“Деги эле, Акундун алдамчылык жагы шумдук дешет аны жакындан билгендер. Ал атасынын гана эмес, өзүнүн жан досу, классташы Акматбек уулу Капарбек деген кишини баш кылып бир канча адамдан акча алып, кайра бербей койгонун билгендер айтып жүрүшөт. Турсунбек Акун, атасы Кыйтыкенин колунда эмес, анын бир тууган агасы Акундун колунда аябай-эрке-талтаң болуп өскөн экен. Фамилиясы да Акун болуп калганы ошондон дешет. Кыскасы, баскан жолу дайым  чуу менен коштолгон Акундун эл биле элек, дагы бир “шоусу” ушундай экен. Башкасы бүтүп, атасы калган экен да. Баса, Акундун минтип атасынын акчасын алдап алгандыгы тууралуу “Багыт” гезити алгач жазып чыккан экен. Ошондо ага чычалаган Акун аталган гезитти сотко берет. Бирок туура эмес, бериптир. Далил турса, соттон ким коркот? Алдагын, акчаны алганы, атасынын милицияга арыз жазганы чынбы? Чын! Аягында айтарыбыз, Акунга окшогон атасына да жакшылык кылбаган адамдардын кесепти мамлекетке буга чейин тийип келди, эми андайга жол берилбеши керек”- деп бул боюнча “Чагылган” деген сайт туптуура жазыптыр.

 

Турсунбек ошондуктан үйүнөн чыкпай, бир жерин жакшылап кысып олтурса жүда жакшы болот эле! Ташиев менен Бабановдун алдында ал ким? Пешка да...