Кечээ Жогорку Кеңештин жыйынына президент Сооронбай Жээнбеков келип, депутаттарга сөз сүйлөдү. Ал көп маселени айтты. 

 

Быйыл ишенимдүү стратегиялык өнөктөштөрүбүз Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзинпиндин, Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин расмий иш сапарлары боло турганын, быйыл Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылаарын, Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммити кыргыз тараптын төрагалыгы менен өтөрүн, жакында эле өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын аныктаган концепция кабыл алынганын билдирди.

 

Сөзүнүн аягында өлкөнүн ички кырдаалына токтолду: 

 

 

«Алдыга койгон максаттарыбызга жетүү оӊой болбойт. Тоскоолдуктар аз эмес. Коррупцияга малынгандардын саботажы, айрым саясий күчтөрдүн каршылыгы болууда. Алар мамлекетти карызга белчесинен батырган уурулукту жашыруу үчүн актанууга өтүштү. Элди көчөгө чыгарып, бийликке кысым жасоо менен маселе чечем дегендер жаӊылышат. Маселенин баардыгы мыйзам чегинде гана чечилет. Мамлекет түшүнүктөр менен эмес, мыйзам менен жашашы керек», - деди мамлекет башчы. 

 

13-апрелде Өмүрбек Бабановдун Москвадан Кыргызстанга кайрылып келиши күтүлүп жатат. Анын тарапташтары экс-депутатты он миңге жакын адамды Өкмөт үйүнүн алдында чогултуп тосуп алууну пландап жатышат. Ошол эле убакта экс-президент Атамбаев утур-утур бийликти элди көтөрүп чыгаарын кыйытып коркутканын койбой келатат. Ошондо, мамлекет башчысынын бул кеби кимге арналды?