Саясатчы Ишенбай Кадырбеков  КСДП фракциясын башкаруу коалициядан чыгарууга шашылбай, туруктуулукту ойлош керек дейт. 

 

Айтымында, өкмөттүн туруктуу иштешин каалашса, коалиция тарабайт. 

 

 

“Бул маселенин кандай чечилиши  фракциянын чечиминен көз каранды. Эгер өкмөттүн туруктуу, алмашпай иштешин каалашса коалиция таркабашы керек. Башкаруу коалициясы  тараса, анда  өкмөт кетет, кайрадан жаңы премьер-министр келет, өкмөт мүчөлөрү да толук алмашылат. Алардын баарын дайындаш, шайлаш керек болот. Жаңы премьер-министр баарын кайрадан баштайт", - деген Кадырбеков коалициянын артында өкмөттүн тагдыры турганын белгиледи.