ЖК депутаты Исхак Масалиев  “Азаттыкка“ берген маегинде Атамбаевдин тарапташтары өлкөдө ызы-чуу салышы мүмкүндүгүн айткан. Ал экс-президенттин туулуп-өскөн айылы Бишкекке жакын жайгашканын белгилеген.

 

Депутаттын айтымында, эгер жаран  бийликке каршы күрөш жарыяласа, бийлик ойлонуп, мүмкүнчүлүккө жараша ал маселени чечип бериши керек. А бирок күрөштү экс-президент, долларлык миллионер  жарыяласа, коомдо такыр башка кырдаал пайда болот.

 

“Анын туулуп-өскөн айылы, тууган-уругу Бишкекке жакын жайгашкандыктан башаламандыкты уюштурууга шарты бар. Биз баарыбыз мурдагы президенттин мүнөзүн жакшы билебиз”, -деген Масалиев.