Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Болот Отунбаев АКШ Президенти Дональд Трампка Ишеним грамотасын тапшырды.

 

Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы Элчилигинен билдиришти. 

 

 

Маалыматка караганда, элчи Болот Отунбаев АКШнын Президенти Д.Трампка кайрылуусунда Кыргызстан АКШ менен кызматташуусун өнүктүрүү  жана кыргыз-америка диалогунун жаңы мейкиндиктерин ачуу ниетинде экендигин билдирген.

 

 

 

Дональд Трамп Кыргызстандын аймакта демократиялык баалуулуктарды колдоодогу лидерлик ролун баса белгиледи.  Ал америкалык тарап  эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык жана байланыштарды тереңдетүүдө биргелешип иш алып барууга даяр экендигин билдирди.

 

Ошондой эле,  Болот Отунбаевди Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап жаңы кызмат орунда ийгиликтерди каалады.