“Вечерний Бишкек” сайты көзү ачык Света Тойгонбаевадан бир катар суроолорго жооп алган. Алардын кээ бири төмөнкүлөр:
Жээнбеков
Жээнбековдун Кыргызстанды көтөрүүгө жакшы ниети бар. Бирок, азырынча планда гана. Жакында ал эки өлкөгө барат. Тажикстан, Өзбекстан менен чегара маселелери чечилет. 2 ай ичинде өкмөт алмашат. Өлкөдө туруктуулук орноп, жаңы мыйзамдар иштеп баштайт. Жээнбековго каршы үч партия иштейт, алардын тарапташтары коомчулукка ызы-чуу салышат. Президент баамчыл жана катаалыраак болууга тийиш. Ошондой эле ден соолугуна кам көрүшү керек. Анын акыркы убакта кан басымы көп көтөрүлө баштады.
Атамбаев
-Ал тууралуу тилекке каршы, айта турчу жакшы нерсе аз. Өлкө алдында жасаган эмгеги бар, бирок мындан аркы аракети Кыргызстанга бир гана зыян алып келет. Анын өзүнүн партиясынан башка дагы бир партиясы бар. аны Россиядан ким бирөө колдоп жатат, үзгүлтүксүз сүйлөшүүлөр жүрүүдө.