КР президентинин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева соцтармактагы баракчасына мурдагы президент Атамбаевдин билдирүүлөрүнө жооп жазып чыкты.

 

 Анын жазганына караганда, КСДП Сооронбай Жээнбековду талапкер кылып чыгарганы менен анын талапкерлигине анчалык ишенип, иштешкен эмес.

 

“Үгүт иштеринде кайсы жерге барбайлы Бабанов менен Сариевдин чоң плакаттары илинип турат. А Жээнбековдуку чакан, бардык райондордо да жок”, - деген Стамалиева үгүт иштерине бир канча убакыт мурда жарыяланган документтерде көрсөтүлгөн сумма коротулбаганын белгилеген.

 

Ошондой эле өзү шайлоо штабынын эсебинен болгону бир ирет 6 миң дагы бир ирет 16 миң үгүт иштерине катышкандарга берүүгө акча алган.

 

Андан тышкары штаб Жээнбеков тууралуу тасма тарткан топтун акчасын төлөгөн эмес. Аны кийин Жээнбеков президент болгондон кийин өз чөнтөгүнөн төлөп берген.

 

Стамалиеванын айтымында, шайлоо алдындагы штабда Жээнбеков чоочун талапкердей эле кабыл алынган. Штабдагылар өз талапкерине караганда Бабановго көбүрөөк жан тартышып, ал турмак аны менен жолугуп тургандар да болгон.