Саясатчы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында өкмөттүн оставкасын талап кылды. 


“Учурдагы өкмөт маселени чечүүгө чабалдык кылууда. Бир жарым жылда бийлик эч нерсе жасаган жок”, - деди саясатчы. Ага “өкмөттү жетектөөгө макул болот белеңиз?” – деген суроо берилди. Ташиев: “Мен эл үчүн бардык кызматка даярмын”, - деп жооп кайтарды. 


Ал оппозиция эместигин белгилеп, мамлекет башчысын колдоого алаарын жана ишмердүүлүгүнө ийгилик кааларын билдирди.