
Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Бул жылы Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити Сиздин төрагалыгыңыз алдында өткөрүлөөрүнө байланыштуу Сизге ШКУ Парламенттик Ассамблеясын түзүү маселесин кайра көтөрүү боюнча кайрылып жатабыз.
Ушул сыяктуу НАТО, Евробиримдик, ЕККУ, КМШ, ЖККУ, ЕАЭБ жана башка эларалык институттардын ишмердүүлүгүнө пайдалуу таасир берип, алдыга жылышына катализатор болгон Парламенттик Ассамблеялары (ПА) бардыгы маалым. Кыргызстандын ШКУнун катарында жүргөнүнө 18 жылдан ашты, демек анын тең укуктуу мүчөсү катары парламенттер аралык институтту түзүү демилгесин кайрадан көтөрүүгө тарыхый мүмкүнчүлүк жаралды. Бул улуттук мыйзамдуулукту мындан да жакын жана натыйжалуу кызматташуу үчүн айкалыштырууга жол берет.
Уюмдун ички жана тышкы маселелерин чечүү боюнча ишти жигердештирүү зарыл. Заманбап геосаясий кырдаалда ШКУнун чыңдалуусу маанилүү. Учурда дүйнөнүн эки уюлга ажырымы күчөп жаткандыктан, Шанхай уюмунун ролу өсүүдө.
Саясий серепчилердин жана коомдук ишмерлердин тобу 20-мартта “тегерек стол” өткөрүшүп, ШКУ Парламенттик Ассамблеясынын штаб-квартирасын биздин өлкөдө түзүү боюнча Кыргызстандын демилгесин талкуулашты. Талкуунун катышуучулары 10 жыл мурда Жогорку Кеңештин депутаттары жана эксперттер тарабынан башталган ишти улантууга убакыт келди деген жыйынтыкка келишти. Өткөн убакта бул тема боюнча бардык процедуралар аткарылып, ШКУга мүчө-мамлекеттердин баарынын парламент спикерлери менен талкууланганын баса белгилей кетели.
Сизге ШКУ ПАны Кыргызстанда ачуу темасын кайрадан көтөрүүнү сунуштайбыз. Биздин өлкө анын штаб-квартирасынын базасы катары жөн жерден тандалган жок. ШКУну түзүү жараянында Бишкекке анын Аймактык терроризмге каршы түзүмүн жайгаштыруу пландалган, бирок сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында база үчүн Ташкент шаары тандалды. Ошондуктан, Кыргызстанда ШКУ ПАны биздин өлкөгө отурукташтыруу маселесин июнь айында боло турчу саммитте көтөрүүгө толук негиз бар.
ШКУдагы 8 мүчө-мамлекеттердин төртөө ядердик держава болуп саналат. Ушундай эле атаандаштык кырдаал Евробиримдикте да байкалат. Ошондуктан, ЕБнын штаб-квартирасы атаандаш болбогон Брюсселде жайгашкан. ШКУда так ушундай атаандаштык эмес кырдаалда Кыргызстан турат. ШКУ- бул жарым глобалдуу, евразиялык уюм. Евразиянын географиялык Борбору Кыргызстандын дал өзүндө туш келет.
Биздин сунушубуз Сиздин жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун бардык мүчө-өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн колдоосуна ээ болот деп үмүттөнөбүз жана ишенебиз. Заманбап геосаясий кырдаалда бул уюмдун глобалдуу жараяндарга таасири байкалаарлык өстү.
Зайнидин Курманов, ЖК экс-спикери, КР ТИМдин Дипломатиялык академиясынын проректору;
Бакыт Бакетаев, саясий серепчи;
Мурат Суюнбаев, КРСУ профессору;
Кайрат Осмоналиев, юридикалык илимдердин доктору;
Александр Собянин, саясий серепчи, “Көчмөн” элдеринин маданий өнүгүү Фондунун саясий директору (Россия Федерациясы);
Ислан Рыскулов, КРСУ профессору, КР Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси;
Спартак Иванов, КРСУ профессору;
Эрик Исраилов, "Общественный рейтинг" гезитинин башкы редакторунун орун басары;
Урмат Кенжесариев, коомдук ишмер, "Адилет" АКнын төрагасынын орун басары.