28-мартта Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга дээрлик 19 жылдан кийинки жасаган расмий иш-сапарына байланыштуу бир катар маселелер боюнча позицияларды аныктап алуу демилгелери көтөрүлдү.
Алардын катарында Орусия кызыгып келген кен-байлыктар, ошол эле Жогорку Нарын ГЭС каскады, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруудагы каршылыгы сыяктуу маселелер элдин назарына түштү. Бирок булар Орусиядан такыр эле кол үзүү дегенди билдирбейт. Анткени Кыргызстандын 1 миллионго жакын жараны ал жакта иштеп, миллиарддаган сом каражаттарды салып жатканын эске алганда, Орусия менен стратегиялык өнөктөштүктү жакшы нукта улантуу керектиги да көңүл сыртында калган жок.
Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий иш сапар деген макам менен 2000-жылы келген болчу. Бирок ал ШКУ, ЖККУ сыяктуу Эл аралык уюмдардын саммиттери учурунда келип жүргөн. Ошентип Путин 19 жылдан кийин расмий иш сапар менен Кыргызстанга келди. Анын сапары 2 ай башта жарыяланып, даярдык иштери кызуу көрүлгөн. Ошол аралыкта Орусия Кыргызстандын Түштүгүнө аскердик алтынчы базасын курат деген маалыматтар көптөгөн талкууга жем таштаган. Эсиңиздерде болсо, Кыргызстанда Орусиянын 5 аскердик базасы бар: алардын эң чоңу – Канттагы аскер-аба базасы. Ысык-Көлдүн Кой-Сары жана Кара-Булуң аймагындагы сыноо полигондору, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор.
Бирок мурда маалымдалгандай, бул жолу Түштүктө дагы аскердик база ачуу боюнча сүйлөшүү жүргөн жок. Ошентип Путиндин келиши менен Кыргызстан тарап Орусия менен бир топ маселелерди тактап алуусу керектиги боюнча маселелер көтөрүлдү.
Булак: “Майдан. kg” гезити