Буга чейин экс-ажо Алмазбек Атамбаев Россия президенти Владимир Путинди эң жакын досу санап, жолуккан сайын анын мойнуна асылып, жыттагылап жатып калчу. Бул Путин үчүн жагымсыз болгонун анын кебетесинен эле байкалып турчу. АША бийликтен кеткенден кийин да Путин менен мурдагыдай мамиле кылып, тез-тез жолугуп турууну кыялданган. Бирок, өткөн жылы Кремлге барып, анын короосунан кире албай келгенде шаабайы сууган эле.
Россия президентинин 28-марттагы Бишкеке жасаган мамлекеттик сапарында Атамбаев ага сөзсүз жолугууну максат кылып, катуу аракет кылган. Бул үчүн эски досу, Евразия өнүктүрүү банкынын жетекчиси Андрей Бельяниновду ортого салып, анысы ишке ашпай калыптыр. Ишенимдүү булактар кабарлагандай Бельянинов Путин келер астында Кой-Ташка барып АШАга жолуккан. Кыска убакытка созулган бул жолугушуу Атамбаевдин өмүрүндөгү эң жагымсыз окуялардын бири болгон. Анда Бельянинов Путин жолугуудан баш тартканын айтып, АШАны тынчыраак жүрүүгө чакырган. Дасторконуна, арагына карабай шашкан орус чиновниги “Россия расмий бийлик менен гана иштешет, “кысып” жүрбөсөң сени биз да сактап кала албайсыз” деген Путиндин саламын айтып, эшикти тарс жаап чыгып кетиптир. Мындайды күтпөгөн АША нес болуп, ошондон бери “арам сууга” чөгүп кирип, чыкпай жатыптыр.
Негизи Путиндин АШАга берген кеңеши да абдан туура. Ар бир мамлекеттин жетекчиси расмий бийлик менен гана сүйлөшөт. Атамбаев кыялданган Кокон хандыгындагы “Аталык” деген түшүнүк өтпөйт азыр. Муну АША түшүнө албаса өзүнүн шору.
https://www.facebook.com/327366241443863/photos/a.328960794617741/369861317194355/?type=3&theater