Атамбаев алты жылда Кыргызстанга кандай пайда келтирип, жеке амбициясынын башкара албаганынын айынан кандай зыянга учуратты? Бул суроого жоопту саясатчылар, эксперттер жана карапайым калктын өкүлдөрү 26-мартта Бишкектеги "Парк Отель" мейманканасында жооп издешет. Бул тууралуу жыйынды уюштурган "Элдик курултайдын" аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Улук Маматаев билдирди.
Айтымында, форумдун темасы "Бийликти узурпациялоо, анын мамлекет жана коом үчүн кесепеттери".
"Жыйында Атамбаевдин алты жылдык ишмердүүлүгүндөгү жеке бийлигинин кесепеттери талкууга алынып, баа берилет. Ага белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, депутаттар жана жарандык активисттер катышышат. Ошондой эле Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган жарандардын баарына эшик ачык", - деди Улук Маматаев.
Мамлекет башчылыгынан кеткенине бир жылдан ашуун убакыт өтсө тынчый албаган экс-президент Алмазбек Атамбаев утур-утуру менен ар кандай билдирүүлөрдү жасап, коомчулуктун башын маң кылууда. Жакында эле 17-мартта, Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш чарасын өткөрүп, сөз сүйлөдү. Буга дейре да ушуга окшогон билдирүүлөрүнөн коомчулук кабардар болгон. Мурдагы президенттин ишмердүүлүгү учурунда өлкө коңшу мамлекеттер менен болгон мамилесин жоготкон. Сөз эркиндиги басымга алынган жана сот бийлиги жеке көзөмөлгө кептелген. Булардын баарына эксперттер саясий көз карашта анализ жасашат. Жыйын саат 10.00дө башталат.