«Тышкы саясаттагы биздин негизги принцип — өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын көздөгөн, тең салмактуу тышкы саясатты ишке ашыруу», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-мартта Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин башчылары менен өткөрүлгөн кеңешмеде.

 

"Акыркы мезгилде тышкы саясатыбызда бир топ өзгөрүүлөр болду, аздыр-көптүр ийгиликтерибиз да бар.

 

Биринчи кезекте коңшу мамлекеттер, союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөрүбүз менен алака-мамилебизди бекемдөө багытында үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлдү. Натыйжасы жаман эмес.

 

Евразиялык экономикалык биримдиктеги кызматташуубуз -приоритеттүү багыттардын бири.

 

Биримдиктин алкагында өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланып, соода жүргүзүүнү көбөйтүү керек.

 

Сиздер билгендей, президенттик кызматка киришкен соң алгачкы иш сапар менен Россия Федерациясына бардым.

 

Владимир Владимирович Путин менен болгон бир катар жолугушуулардын натыйжасында эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер активдүү өнүгүп жатат.

Эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү өсүүдө.

 

»Кара тизмеге« кирип калган мекендештерибиздин маселеси чечилди.

 

Россия-Кыргыз Өнүгүү Фонду тарабынан масштабдуу долбоорлор ишке ашырылууда.

 

Аскердик-техникалык кызматташууда бир топ алгылыктуу иштер аткарылды.

 

Эми, соода-экономикалык байланыштарыбызды арттырып, товар жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд. долларга жеткирүүнү көздөп жатабыз.

 

Бул максатта чакан жана орто бизнеске инвестицияларды тартып, экспортко багыт алган ишкерлерибизге шарт түзүү зарыл", - деди президент.

 

 

"Тышкы саясаттагы биздин негизги принцип сакталат — ал өлкөнүн улуттук кызыкчылыгын көздөгөн, тең салмактуу тышкы саясатты ишке ашыруу.

Стратегиялык өнөктөштөр жана коӊшу мамлекеттер менен достук мамилени чыӊдоого, экономикалык дипломатия чөйрөсүндөгү прагматикалык тышкы саясатты жүргүзүүгө өзгөчө маани берилет", - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.