Бул тууралуу маалымат жыйында партиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранова билдирди.

 

Анын айтымында, эгер партия жеңишке жетсе, Атамбаев парламентке баруу-барбоо боюнча чечимди өзү кабыл алат. Ал ошондой эле Атамбаев эч кандай мамлекеттик кызматтарга барууга ниеттенбегенин кошумчалады.

 

Маалымат жыйындын жүрүшүндө КСДПнын кезектеги 18-съездине даярдыктын алкагында партияда жалпысынан жети комитет жана бир кеңеш түзүлгөнү кабарланды.

 

КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев маалымат жыйындын ачылышына гана катышып, жакынкы эки-үч ай ичинде партияда бир катар өзгөрүүлөр болорун айтты.