Ал иш сапарынын жүрүшүндө, өлкө башчысы, тышкы иштер министри менен жолугушууларды өткөрдү. Президент С.Жээнбеков менен жолугушкан учурунда Кыргызстан менен Россия ЕврАзЭС, ЖККУ, ШКУ, ОБСЕ сыяктуу эл аралык уюмдар боюнча өнөктөштөр экендигине, аны Россиянын бийлиги жогору баалай тургандыгына Россиянын Тышкы иштер министри С.Лавров өзгөчө басым жасады.

 

Биздин ЕврАзЭС, ЖККУ, ШКУ боюнча кызматташтыктарыбыз өзгөчө динамикалуу өнүгүүдө. Марттын башталышында эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссияларынын жыйыны да өткөрүлгөнү жатат. Анда мамлекеттик иш сапарда талкууланып кол коюла турган маселелер деталдаштырылып, даярдалары шексиз. Кыргызстан ЕврАзЭСке киргенден бери эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү динамикалуу өсүп келет. Алсак, өткөн жылдын 11 айында ал көрсөткүч мурдагы жылдын окшош мезгилине салыштырганда 30 пайызга жогорулаган. Өткөн жылы Россияда иштеп жүрүшкөн мекендештерибиздин Кыргызстанга которгон каражаттары 2 млрд. доллардан ашкан. Ага албетте, Россиянын өкмөтүнүн ЕврАзЭСтин мүчөсү катарында кыргыз мигранттарына бир катар жеңилдиктерди киргизгендиги да өбөлгө болууда. Россиянын каражаты менен Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду түзүлүп, ал ийгиликтүү иштеп атат. Учурга карата фонд тарабынан жалпы баасы 300 млн. долларлык 1600дөн ашык долбоор каржыланды. Россия Кыргызстандын чек араларын техникалык жактан бекемдөөгө да чоң жардам көрсөтүүдө. Ага мисал катарында Россия өкмөтү тарабынан жакында жеткирилип берилген 120га жакын техникаларды көрсөтсөк болот.

 

Сергей Лавров Кыргызстандын президенти менен жолугушуу учурунда мындай жардамдар мындан ары да улантыла берерине ишендирип өттү. Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди куруу чечилеби? Экс-президент 2016-жылдын башталышында Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди куруу боюнча “РусГидро” менен түзүлгөн келишимди денонсациялап салгандыгы, анан ал долбоорду улантууга Сапар Исаков тапкан эл аралык аферисттерден башка эч ким келбегендиги белгилүү. Эми Россиянын өкмөтү жаңы шарттарда ал долбоорду аягына чыгаруу боюнча Кыргызстандын сунушун караганы жатат. Сергей Лавровдун айтуусунда, анын жактырылып, колдоого ээ болуу мүмкүнчүлүгү абдан чоң . Демек, анын ишке ашырылышынан ишенимдүү үмүт кыла берсек болот. Андай болбосо, Россиянын Тышкы иштер министри ал жөнүндө ооз ачмак деле эмес. Эгерде мамлекеттик иш сапардын алкагында Камбар-Ата-2 ГЭСин курууну аягына чыгарып, Камбар-Ата1ди баштоо да чечилсе, андан жакшы болмок. Болбосо, Кыргызстанда жакынкы жылдарда электр энергияларынын таңсыктыгы чоң маселеге айлана башташы ыктымал.

 

Билим – баа жеткис инвестиция ХХI-кылымдагы негизги инвестиция, атүгүл башкы товар – билим жана маалымат болуп кала тургандыгы ачык көрүнүүдө. Россия менен бул багыттагы кызматташтыгыбыз активдүү өнүгүп келет. Ага мисал катарында Россия өкмөтү менен биргеликте каржыланган Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетин көрсөтсөк болот. Өткөн жылы Россия өкмөтү кыргызстандыктар үчүн өзүнүн мыкты ЖОЖдорунан 300 орун берсе, быйыл аны дагы көбөйтүүгө ниети бардыгын билдирүүдө. Азыр Россиянын ЖОЖдорунда 16 миңден ашык кыргызстандыктар окушат. Жакында Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Г.Кудайбердиева Россияга барып, өз коллегалары менен бул багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулап келди. Эми Россиянын президентинин мамлекеттик иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн негизги жогорку окуу жайларынын ректорлору кызматташтыкты жолго коюунун кокреттүү жолдорун чечкени жатышат. Андыктан ага биздин ректорлор, тийиштүү министрликтер дыкат даярданышып, ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып биздеги таңсык кесиптер боюнча адистерди Россиянын ЖОЖдорунда жеңилдетилген шарттарда даярдатууну чечип алуулары зарыл.

 

 

Булак: "Майдан. kg" гезити