КР президентинин маалыматтык саясат бөлүмү маалымдагандай, Владимир Путин ушул жылдын мар-

тынын аягында мамлекеттик иш сапар менен өлкөбүзгө келет.

 

В.Путиндин иш сапарынын алкагында бир катар иш-чаралардын өтөрү күтүлүүдө. Атап айтканда, кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиянын 21-жыйыны, Кыргызстан жана Россия бизнес-коомчулугунун 8-региондор аралык конференциясы өткөрүлөт. Аталган конференцияга бизнес-коомчулуктун 500дөй өкүлү катышат. Ошону менен бирге алгачкы ирет Кыргызстан жана Россиянын ЖОЖдорунун ректорлорунун Форуму өтмөкчү.

 

Эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусунда, кыргыз-россия кызматташтыгы: соода-экономикалык, аймактагы коопсуздук, инфраструктуралык түзүм багыттарында сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Ошондой эле Россияда жашап, иштеп жатышкан мекендештердин маселелери да козголот. Жолугушуунун жыйынтыгында 15 документке кол коюлары күтүлүүдө.