Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстандын төрт өлкөдөгү элчилери дайындалды. 

 

Аликбек Жекшенкулов - Россияга 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Джекшенкулов Аликбек Джекшенкулович Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

 

Канайым Бактыгулова - Кытайга

 

 
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Бактыгулова Канайым Джумадиловна Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

 

Болот Отунбаев - Америкага

 


Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Отунбаев Болот Исакович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. 

 

Динара Кемелова - Кореяга 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кемелова Динара Амантуровна Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.