Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбая Жээнбеков бүгүн, 2018-жылдын 28-декабрында,  Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Казакстан Президентин жана боордош Казакстан элин келе жаткан Жаңы 2019-жыл менен куттуктап, гүлдөп өнүгүү жана бакубатчылык каалады.

 

Мамлекеттердин башчылары быйыл кыргыз-казак кызматташтыгынын динамикалуу өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилешти.