"Бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо" беренеси менен 14 жылга соттолуп, учурда абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Бекболот Талгарбеков президентке ырайым сурап кайрылуу жасабайт.
Анын уулу Арстан Талгарбековдун айтымына караганда, ырайым сураса күнөөнү моюнуна алган болуп калат.
"Атам өзүнө тагылган айыпты моюнуна албайт. Ошондуктан, президенттен ырайым сурабайт", - дейт ал.
Экс-президент Роза Отунбаева президентке Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу өтүнүчүн келтирип, кайрылуу жолдогон. Саясатчы Камчыбек Ташиев ылгап ырайым сурабай, саясий куугунтукка туш болуп, абакта отургандардын баарына тегиз ырайым берилиши керектигин билдирген.