Жакында экс-президент Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоп, анда Өмүрбек Текебаевге ырайым кылып, абактан бошотууну суранган. Ошондой эле, Отунбаева парламенттик фракциялардын лидерлерине кайрылып, демилгесин колдоп берүүлөрүн суранган.
Бүгүн парламенттик фракциялардын лидерлери жапырт Отунбаеванын кайрылуусуна кол коюп, Текебаевди абактан бошотуп алууга ниеттенишкени жарыяланды.
Буга байланыштуу саясатчы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасына пикирин жарыялады.
"Урматтуу Роза Отунбаева жана Жогорку Кенештин фракция жетекчилери!
Президенттен сураган ырайымдуулук эмне үчүн тандалма болушу керек? Ошол сиздер сураган ырайымга Б.Талгарбеков, С.Жапаров, К.Кадыров, Б. Асанов татыктуу эмеспи? Жогоруда аты аталган мамлекеттик ишмерлер саясий көз карашы үчүн бейкүнөө камакта отурушат. Президенттин ырайымы ушул эл уулдарына тегиз берилиши керек. Өмүрбек Текебаев өзү да ушуну айтмак.
Урматтуу Президент!
Жогоруда аты аталган бешөөнү тең бошотууңузду суранабыз".