Президент жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында саясатчы Өмүрбек Текебаевдин кылмыш ишине карата көз карашын билдирди.
"Өмүрбек Текебаевдин иши бардык сот инстанцияларын басып өттү. Мен мыйзамды бузуп, ага кийлигише албайм. Мызам боюнча бир гана нерсени кыла алам, эгер мага өтүнүч кат жөнөтүшсө, ишти кайра кароого жиберем", - деди өлкө башчысы.