"Надира Сатыкул кызы чыныгы адис", - деп белгиледи президент. Ал бүгүн жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрүп жатат.
Белгилей кетсек, экс-президент Атамбаев маегинде Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын кара кассасынын документтери коомчулукка чыгып кеткенден кийин КСДПнын башкы эсепчисине коркутуулар болуп, өз өмүрүнөн кооптонуп чет өлкөгө кетип калганын айткан.
"Мен Сатыкул кызын 1999-жылдан тартып тааныйм. Мен ал убакта депутат болчумун. Азыр ага коркунуч туулуп жатат деп жатышат. Мен аны таап, ким коркутуп жатканын сурагыла деген көрсөтмө бердим. Айтымдарга караганда, аны мен коркутуп жаткан имишмин. Мен тескерисинче, анын мекенине кайтып келишине кызыкдармын. Бул жерде бир гана кызыкчылык болуп жатат, өлкөдөгү кырдаалды курчутуп, бийликке кайтып келүүнү каалап жатышат. Мен буга жол бербейм", - деди президент.
Мамлекет башчы миграция маселесине да токтолду.
"Кыргызстанда жумуш орундары жетишпегендиктен жарандарыбыз чет өлкөлөргө кетип жатышат. Бул жылы бардык мамкызматтар өз күчүн аймактарды өнүктүрүүгө багытташты. Мен бул программа ушуну менен токтоп калбайт деп ойлойм", - деди ал.