Мамлекет башчы жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында КСДПнын ичиндеги ажырымга тиешеси жоктугун айтты.
"Мен партиянын катардагы мүчөсү болбогом, көп жылдар бою анын жетекчилик милдеттерин артынгам. Кыйын кырдаалдарда чогуу болгом. Президенттикке киришкенимден кийин партиянын мүчөлүгүнөн чыккам. Мени партиянын бүгүнкү абалы албетте, тынчсыздандырат. КСДПнын ичиндеги жаракага тиешем жок, күнөөнү Жээнбековдон эмес, башка жактан издеш керек. "КСДП Атамбаевсиз" кыймылына да катыштыгым жок", - деди президент.