“Арманым аттын башындай”,- демекчи, экс-президент Алмазбек Атамбаев азыркы президентке карата таарынычын гана эмес, алданып да калгандыгын ачык билдире баштады. Ал кезектеги арманын 10-декабрда өзүнө караштуу “Апрель ТВ” телеканалына курган маегинде айтты. Баарынан да мурдагы премьер-министр, былтыркы президенттик шайлоодо утулуп калган Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери жабылышы керектиги тууралуу пикири күтүлбөстүк болду.

 

Ал Бабанов шайлоо өнөктүгү маалында кастыкты козутууну көздөбөгөнүн кийинки кадамдары менен далилдегенин мындай деп далилдегиси келди: “Чындыгында Бабановдун иштери жабылыш керек. Чынында Бабановго рахмат айтыш керек. Бир жылда бир нерсе кылдыбы, айттыбы? Ынтымакты, тынчтыкты бузуш үчүн бир аракет кылдыбы? Менин сөзүмө, Сооронбай Жээнбековдун сөзүнө ишенип, алданып калды, ачыгын айтканда. Ошондуктан мен дагы өзүмдү ыңгайсыз сезип атам”,- деди Атамбаев.

 

С.Жээнбековду эмне себептен колдогондугунун себебин анда партия элдин ынтымагы үчүн талапкерди түштүктөн чыгарууну чечишкендигине байланыштырып, ошол учурда түштүк аймагынан Сооронбай Жээнбеков жана иниси Асылбек Жээнбековдон башка эч ким оюна келбегенин айтты: “- Эстесем, түштүк боюнча, кадрлар боюнча Жээнбековго ишенчүмүн. Ойлоп көрсөм, түштүктүн кадры боюнча бирөө да жакшы сөз айтпаптыр. Бул албетте, менин катам. Кадр маселесине жакшы көңүл бурсам болмок. Адамдык сапатын, сатып-сатпаганын карасам болмок экен”.

 

Ошондой эле А.Атамбаев “эски досу”, азыркы президент С.Жээнбеков менен жарашуу ниети бар экендигин да жашырбай, бийликте турганда ишенчээктегинен, кол астындагылардын туура эмес маалымат бергендигинен улам көп катачылык кетиргендигин айтып, элден кечирим сурады. Эл кечирер бекен?

 

 

 

“Майдан. kg”  гезити