Жогорку Кеңештин жыйынында депутат УКМК менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрүн чакырып, Бабановго карата жасалып жаткан саясий куугунтук боюнча маалымат алууну талап кылды. 

 

Депутат Максат Сабиров экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Бабанов тууралуу билдирүүсүн айтты. 

 

"Атамбаев Бабановго карата ачылган кылмыш ишин жабууну сунуштады. Бизде саясий куугунтукка кабылгандар көп. Бабанов көчөдөң келген бирөө эмес. Ал президенттик шайлоодо добуш алуу боюнча экинчи орунда турат", - деди депутат.