Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуусунда: “Мамлекеттик кызматты өз чөнтөгүн кампайтуу үчүн пайдаланган адамдар мыйзам чегинде жазаланып эле тим болбостон, аларды журт алдында катуу уяткаруу керек. Коррупция, тек, мыйзамсыз гана болбостон, коомдо элдин ырыскысына суук колун салган чиновниктер эл аралап баса албай кала тургандай кырдаал түзүлүүгө тийиш!”- деп абдан таамай айтты.

 

Ажо өзү баштаган демилге бирок, кайсы бир чиновниктерге келгенде иштебей калып жаткан фактылар да кездешет. Мисалы, биз өткөн саныбызда КР Мамлекеттик каттоо кызматындагы башаламандык, жемкорлук жөнүндө сөз кылганбыз. Негизи эле, Алина Шаикова келгени бул тармакта иштин ыргагы бузулуп, карапайым калктын нааразычылыгы күчөп жатканы дайын. Мындай башаламандыктын башында Шаикованын орун басары Айнура Туйбаева тургандыгын редакцияга келген кайрылуудан улам билдик.

 

Мамкаттоо кызматына караштуу транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо Департаментинде бүгүнкү күндө өтө оор абал түзүлдү.  Аталган департаментти Мамкаттоо кызматынын төрайымынын орун басары Айнура Туйбаева жетекчиликке алат. Бул айымдын “Инфоком” мамлекеттик ишканасы менен жең ичинен сүйлөшүп алып жасап жаткан иштерине үңүлсөң, жеңил айтканда кыжырың келет. Шаикова да негедир Туйбаеванын жанына келгенде мукактанып, калтырап каларын кызматкерлер белгилеп жүрүшөт. Бир балээси бар үчүн Мамкаттоо кызматынын төрайымы Шаикова орун басары А.Туйбаева менен “Инфоком” жетекчилеринин коррупцияга каршы күрөш жана автоматташтырылган система киргизүү шылтоосу менен эбегейсиз бюджеттик каражаттарды “кымырып”, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, нааразы болгон кызматкерлерди каалашынча жазалап, иштен алып, куугунтук уюштурганына, ошондой эле көп сандаган чет өлкөлөргө командировкалап барып жыргап жатканына унчукпай олтурат да?!

 

Негизинен, башында бекитилген планга ылайык, транспорттук каражаттарды жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатында автоматташтырылган системаны киргизүү 2015-жылы эле ишке ашырылышы кажет болчу. Ошого карабастан, үч жылдан бери транспорттук каражаттарды каттоо, айдоочулук күбөлүктү берүү, бирдиктүү базаны түзүү боюнча жөнөкөй эле программаны толук кандуу иштете албай жатышканы кайсы акылга сыят? Буерде Департаменттин каттоо-эзамен алуу бөлүмүнүн кызматкерлеринин да автоматташтырылган системага каршы туруп алышканын айта кетүү керек, себеби, алар жең ичинен алып жүргөн “откаттардан” куржалак калып жатпайбы? Адилеттүүлүк үчүн айта кетүү керек, автоматташтырылган “Транспорттук каражаттардын жана айдоочулук курамдын регистри” системасын ыйлап жатышып, 2017-жылы, көпчүлүк оркойгон катачылыктар менен ишке киргизүүгө үлгүрүшкөн. Кемчилиги көп болсо да Департаменттин кызматкерлери ары-бери жактарын чукулап жатышып, иштете башташкан эле. Анан эле, 2018-жылы Мамкаттоо кызматынын жетекчилиги буга чейин миллиондогон каражаттар сарпталган автоматташтырылган маалыматтык системаны (мындан ары - АИС) “башынан туура эмес киргизилген”- деген шылтоого таянып, жаңысын иштеп чыгуу чечимин кабыл алган. Мына акмакчылык! Ошондо 2017-жылы ишке кирген АИС үчүн кеткен бюджеттин миллиондору талаага кеттиби? Мына ошол системанын эле кемчиликтерин ондоп, колдоно берсе болбойбу? Жо-ок, ботом, анда Айнура Туйбаева менен “Инфокомдогу” табакташтары акча жей албай калышпайбы! Жогорку жетекчиликке азыр алар 2018-жылы үч АИС киргизилгени тууралуу рапорт берип жатышат, бирок, алар айткан:

 

1. “Транспорттук каражаттардын регистри” 2017-жылы,

2. “Айдоочулук курамдын регистри” 2017-жылы,

3. “Айдоочулук курамды тестирлөө” системасы 2015-жылы эле киргизилген. Б.а. мурдакы эски АИСтерди жаңынын ордуна таңуулап, түз жерден акча “кымырып” жатышпайбы!

 

Эми бул АИСтер киргизилгенден кийинки башаламандыкты айталы. 2018-жылдын 1-ноябрында баарын ишке салышты, ошондон баштап жүздөгөн, миңдеген жарандар транспорттук каражаттарын каттоо, айдоочулук күбөлүк алуу же алмаштыруу үчүн жарым айлап күтүүгө аргасыз болушту. Маалыматтык базадан туура эмес нерселер чыгып, адам укуктары бузулууда, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” мыйзамы бузулууда. Бул система ишке киргенден бери, бир айдан бери Департамент укук коргоо жана сот органдарына транспорттук каражаттар жана айдоочулук күбөлүктөр боюнча маалыматтарды бере албай, иш создугууда. Башка өлкөлөргө барууну каалаган көптөгөн атуулдардын авиабилеттери күйүп, алтындай убактылары кетүүдө, бул чыгымды ким төлөп берет, ия! Мындай башаламандык жөнүндө өкмөткө көптөгөн кайрылуулар жеткен, бирок, алар кайра эле аны Мамкаттоо кызматынан жөнөтүп, алар куру убадаларды берип кутулушууда. Департаменттеги бул абалды айтып, жогорку жетекчиликке барган кызматкерлерге карата ошол замат Туйбаева тарабынан катуу жазалар колдонулуп, куугунтук уюштурулуп, кетирилүүдө. Башкача айтканда, Мамкаттоо кызматында 37-жылкы репрессиянын карааны аралап жүрөт.

 

Департамент тарабынан “Инфоком” компаниясына АИСтер менен иштөөдө кызматкерлер тушуккан кемчиликтерди оңдоо багытында том-томдогон кайрылуулар жиберилген. Аны өз алдынча ондой албайсың, анткени, аны департамент кызматкерлери колдонуучунун гана деңгээлинде урунушат. “Инфоком” мындай даттануулардын бирин да көңүл коюп караган эмес. Бирдеңке болсо алар дароо Туйбаевага даттанышат. А ал өз кезегинде бул боюнча даттанган кызматкерлерин экинчи ооз ачкыс кылып жазалайт экен. Мисалы, АИСте кандай катачылыктар чыгууда: сиз мисалы “Хонда-Одиссей” унаасын каттаганы барсаңыз, базада бул унаа “Фит” болуп жазылган болот. Айдоочулук күбөлүктү алмаштырганы барсаңыз, стажыңыз таптакыр башка болуп чыга келет. Айтор, ушундай нерсенин айынан азыр чоң социалдык жарылуу чыгып кеткени турат!

 

Туйбаеванын дагы бир кызматтык “жаңылыгын” да айта кетүү керек. 2018-жылдын 18-сентябрында анын демилгеси менен №436-токтом жарык көргөн. Ага ылайык, эгерде атуул айдоочулук мектепти окугандыгы тууралуу күбөлүгү менен 6 айдын ичинде келип, күбөлүк албаса, анын күбөлүгү күйүп кетет экен! Бул кайсы кеңкелестин идеясы ия! Ар кандай болот да, ар бир жаран качан айдоочулук күбөлүк алганы барат, өзүнүн жумушу. Кээ бир учурда ага шарт болбой калат, мисалы ооруп дарыланганы кеткен болот. 6 айдан кийин бардың, анда элестете бергиле, кайра окуудан өтүшүң керек десе. Сен мектептен окуш үчүн убактыңды, 7-8 миң сомуңду короттуң. Мындай жагдай кимге пайда алып келет? Туйбаева жең ичинен кызыкчылыгын коргоп жаткан автомектептер менен каттоо кызматына. Учурда Бишкектин өзүндө эле 300дөн ашуун адам токтомдо жазылган убагында келбегендиктен, айдоочулук күбөлүк ала албай жатышат! Мына, социалдык жарылуу кайдан чыгат!

 

Туйбаеванын айынан өлкөдө социалдык жарылуу болгону турса да, ал кебелбейт тимеле! Саякаттап жүрөт жыргап, сентябрдан бери эле барып келген жерлерин карагыла: Грузияга эки жолу, Страсбург (Франция), Брюсселге эки жолу (Бельгия). Жыл башынан беркисин карасаң оозуң ачылат!

 

 

Урматтуу президент Сооронбай Шарипович!

 

Сиз “элдин ырыскысына суук колун салган чиновниктер эл аралап баса албай кала тургандай кырдаал түзүлүүгө тийиш”- деп эң туура айттыңыз. Айнура Туйбаева мына сиз сөз кылган “кастага” тийиштүү айым экен. Ошондуктан, тезинен чара көрбөсөңүз, Мамкаттоо кызматындагы башаламандык социалдык жарылууга алып келиши мүмкүн! А бул сиздин душмандардын тилеги экенин жакшы билесиз!

 

 

 

Аэлита Сатындиева, “Майдан. kgгезити