Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулеймановдун Казакстандын жараны эместигин тастыктоо ниетин карманууда. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.
БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматовдун маалыматына караганда, БШК депутат Сулеймановго анын өздүк маалыматтарын текшерүүгө алууга уруксат берүүсүн сураган расмий кат жөнөткөн. Анткени, Казакстандын тийиштүү кызматы депутаттын өзүнүк макулдугу жок ал тууралуу маалыматтарды берүүдөн баш тарткан.
Орун басардын айтымында, депутаттын башка өлкөнүн жараны деген маалымат пайда болгондон кийин БШК аны текшерүүгө тийиш. Бирок, азырынча депутаттан да жооп келе элек.
Эске салсак, Бахадыр Сулеймановдун башка өлкөнүн жараны деген маалыматты Акыйкатчы Токон Мамытов жарыялаган. Ал эми эл өкүлү мындай билдирүүгө макул эмес.